Көк-Жарда курулушта иштеген эркек киши каза болду: текшерүү иштери башталды
Көк-Жар айылында курулуп жаткан имараттын аймагында бийиктиктен кулап кеткен эркек кишинин каза болгон факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, окуя тууралуу билдирүү 10-июнда «102» кызматына түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жана тез жардам кызматынын бригадасы дароо жөнөтүлгөн.
Анын жүрүшүндө каза болгон адам 1977-жылы туулган эркек киши экени аныкталган. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Бул факт боюнча материал каттоого алынып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө окуянын бардык жагдайларын, анын ичинде курулуш объектисиндеги коопсуздук шарттарын жана кулап кетүүнүн мүмкүн болгон себептерин аныктоодо.
