Транспорт министри Нарын облусундагы жол куруу иштери менен жеринде таанышты
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 22-июлда Нарын облусуна иш сапары менен барды.
Ведомстводон билдиришкендей, анын алкагында министр Нарын шаарындагы 9,1 чакырымды түзгөн Ленин көчөсүн кыдырып, ишти жеринен көзөмөлдөдү.
Учурда жер жумуштары кызуу жүрүп, асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө.
Подрядчы компаниялар менен жолуккан министр жумушту ыкчамдатууну тапшырып, сентябрдын ортосуна чейин асфальттоо, жарыктандыруу, тротуар жана жол чийиндери толук бүткөрүлүшү керектигин белгиледи.
