Кыргызстан бир жылда 5 миң тоннадан ашык өзбек помидорун импорттогон
27 февраль

Кыргызстан бир жылда 5 миң тоннадан ашык өзбек помидорун импорттогон

Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылы республика 12 чет мамлекетке жалпысынан 45,2 миң тонна помидор экспорттоп, 36 млн АКШ доллары өлчөмүндө киреше тапкан.

Экспорттун көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 3,3 миң тоннага азайган.

2025-жылдагы негизги жеткирүү багыттары:

  • Россия — 32 786 тонна;

  • Казакстан — 6 850 тонна;
  • Кыргызстан — 5 115 тонна;
  • Бириккен Араб Эмираттары — 325,8 тонна;
  • Тажикстан — 48,2 тонна;
  • башка өлкөлөр — 81,6 тонна.

Ошентип, Кыргызстан өзбек помидорлорун импорттоо көлөмү боюнча Россия жана Казакстандан кийин үчүнчү орунду ээледи.