Аида Нурдинова: Эне менен кыздын курбулардай болушу туурабы? 
23 январь

Аида Нурдинова: Эне менен кыздын курбулардай болушу туурабы? 

Азыркы учурда адамдар психологго кандай көйгөйлөр менен кайрылышарын жана эне менен баланын ортосундагы мамилени кантип жөнгө салууга болоорун психолог, энерготерапевт Аида Нурдинова “Жылдыз тайм” Ютуб каналына берген маегинде айтып берди. 

Ал белгилегендей, адамдардын көбү учурда карызга батуу, кимдир бирөөгө акчасын алдатуу, кредит алып төлөй албай калуу сыяктуу маселелерден улам ден соолугунан көйгөйгө кабылып, психологго кайрылууга аргасыз болушат. Андан тышкары, ата-энелердин балдары менен тил табыша албай калуусу дагы негизги темага айланууда. 

“Келгендердин бири “уулум 30дан ашты, үйлөнбөйт, айтканымды укпайт, иштебейт” десе, дагы бири 15-16 жаштагы өспүрүм кыздарына сөзү өтпөй калганын айтышат. Үй жыйнап кой десе, “мен сага кулмунбу?” дегендер да бар экен. Эмне себептен деп талдап көргөндө, көбү телефонго байланыштуу. Акыркы маалда ушундай бир программа иштеп жаткандай таасир калтырат: ал адамдын аң сезимин өстүрбөөгө аракет кылган система. Телефондон башыбыз чыкпайт, ошол эле убакта ал жактан жалаң терс маалыматтарды, мисалы, кырсык, жамандык окуяларын окуйбуз. Мунун баары адамдардын жандүйнөсүнө сиңип, ошонун айынан эле ооруп жаткандар толтура. Адам биринчи өз оюн оңдошу керек”, – деди психолог. 

Ал бардык нерсе адамдын нерв системасынын абалынан, ойлонуусунан болоорун белгиледи. 

“Дүйнө сага эртең же бүрсүгүнү сонун жашоо болот деп кепилдик бере албайт. Ар бир адам Кудайдын алдында гана коопсуз экенин билиши керек. Кудай гана биздин эртең эмне болоорубузду билет. Мүмкүн болушунча коркуу сезимдерин жүрөккө киргизбегенге аракет жасашыбыз керек. Балдардын тагдыры үйдөн башталат. Үйдө ата-эне талашып-тартышып атса, ынтымаксыз болсо, бул баланын келечегине чоң доо кетирет. Ошондуктан, мен ата-энелерге айтат элем: маселеңер болсо, балдар жок кезде чечишкиле”, – деди. 

Ошондой эле ал баланы тарбиялоодо ата-эне баласынын мүнөзүнө жараша мамиле жасашы керек. Айрым балдарды такыр кыйкырып урушууга болбойт, анткени алар кыйкырган сайын өчөшүп, күчөйт. Аларга жылуу сөз айтып, акырындык менен таптап отуруп, ичиндеги көйгөйүн билип, туура жол көрсөтүүгө болот. 

“Уруш эмес сүйлөшүү, сүйүү менен көп маселени чечүүгө болот. Беш, алты, тогуз балам бар дешет, албетте, балалуу болгон жакшы. Бирок баланы бул дүйнөгө алып келип коюу менен эле эч нерсе бүтпөйт, ошол балдардын тарбиясынын үстүнөн иштөө керек. Ал үчүн эне биринчи кезекте өзүн психологиялык жактан өстүрүшү зарыл”, – деди Нурдинова. 

Психологдун айтымында, эне менен кыздын ортосунда ачык сүйлөшүү, ишенимдүү мамиле болгон жакшы, бирок бардык нерседе чек болууга тийиш. Курбулардай ынактык эне-кызга ылайык келбейт. Кандай болгон күндө дагы кызда энеге болгон сый жана ийменүү болушу кажет. Эгерде кызды өзүнө курбу катары өстүрүп алса, эне кийин анын запкысын кайсы бир деңгээлде тартышы мүмкүн. Анткени мындай тарбияда өскөн кыз энесине улуу адам, жол көрсөткүч, насаатчы катары эмес, курбусу сыяктуу мамиле жасап калат.