Бишкекте бир суткада 60 мас айдоочу кармалды
15 февраль

Бишкекте бир суткада 60 мас айдоочу кармалды

Бишкекте өткөн суткада 60 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 14-февралында борбор калаада жол кыймылына байланыштуу эреже бузуулар көп катталган. Алдын ала маалыматка караганда, эреже бузгандардын көпчүлүгү жаштар. 

Мындан тышкары, инспекторлор тарабынан унаанын айдоочулук күбөлүгү жок башкарган 76 айдоочу аныкталган. 

Жалпысынан 382 айдоочу айып короо жайына токтотулган.