Бишкек шаарынын Свердлов районунда өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды
23 январь

Бишкек шаарынын Свердлов районунда өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна Жибек-Жолу проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде «А.» аттуу жаран баңгизат каражаттарын мыйзамсыз чогултуу, сактоо жана таратуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Калинин жана Озёрная көчөлөрүнүн кесилишинде (Восток айылы) «KIA Picanto» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын салонун кароо учурунда жаран А.А. өз ыктыяры менен ак түстөгү пакетке салынган, өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү затты өткөрүп берген. Алынган заттын жалпы салмагы 2 кг 014 граммды түзгөн.

Алынган зат боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Алдын ала корутундуга ылайык, алынган зат баңгизат каражаты — каннабис (марихуана) болуп, баңгизат каражаттарынын тизмесине кирет.

Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык, 2000-жылы туулган шектүү жаран А.А. Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча бардык зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын ИИББгы баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү оор кылмыш болуп саналарын жана катуу кылмыш жоопкерчилигин жаратарын эскертет. Эгерде сиздерге баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактоо, даярдоо же сатуу фактылары белгилүү болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 телефону аркылуу дароо кабарлоону суранабыз. Купуялуулук кепилденет.