Министрлер кабинети
11 июнь
Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулууда: ал 2027-жылы пайдаланууга берилет
Жалал-Абад облусунда жаңы аэропорттун курулушу уланууда. Ал өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү объект болуп саналат.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев мамлекет башчысы тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган Жалал-Абад облусундагы стратегиялык объектилердин курулушу менен таанышты.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, учурда терминалдын курулушу жана учуп-конуу тилкесин асфальттоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Терминал 2026-жылдын күз айларында бүткөрүлүп, ал эми аэропортту толук пайдаланууга берүү 2027-жылга пландалууда. Бул долбоор аймактын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле калк үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга салым кошот.
