Нарын шаарында 100 койкалуу төрөт үйү курулууда
Курулуш министрлиги
11 июнь

Нарын шаарында 100 койкалуу төрөт үйү курулууда

Нарын шаарында 100 койкалуу төрөт үйү курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 3129 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат салынат. Анда заманбап талаптарга жооп берген палаталар керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, ашкана, дарыгердин кабинети жана стерилдөө бөлмөлөрү жайгаштырылат.

Курулуш-монтаждоо иштерин башкы подрядчы «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана жарандар үчүн заманбап медициналык шарттарды түзүүгө багытталган.