Бишкекте жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу чарасы катары кант кошулган суусундуктарга салык салуу боюнча семинар өтүүдө
14 апрель

Бишкекте жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу чарасы катары кант кошулган суусундуктарга салык салуу боюнча семинар өтүүдө

2026-жылдын 13–14-апрелинде Бишкекте жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу инструменттеринин бири катары кант кошулган суусундуктарга (SSB) салык салуу маселелерине арналган потенциалды өнүктүрүү боюнча эки күндүк семинар өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсесинин, Европа регионалдык бюросунун жана штаб-квартирасынын техникалык колдоосу менен, ошондой эле Дүйнөлүк банктын катышуусунда уюштурулган.

Семинарга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, анын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана соода министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр – ЮНИСЕФ жана БУУӨП катышууда.

Семинардын жүрүшүндө калктын саламаттыгына кант кошулган суусундуктарды керектөөнүн таасири, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде кант диабети, семирүү жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдик факторлорун азайтууга багытталган мамлекеттик саясаттын мүмкүн болгон чаралары талкууланууда.

Белгиленгендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кант кошулган суусундуктарга салык салууну алдын алуунун натыйжалуу жана экономикалык жактан негизделген чараларынын бири катары карайт. Бул чара зыяндуу азыктарды керектөөнү азайтууга, калктын саламаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жана саламаттык сактоо системасы үчүн кошумча ресурстарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар эл аралык тажрыйба менен алмашып, бир катар өлкөлөрдө мындай чараларды ишке ашыруу практикаларын, ошондой эле башкаруу, мониторинг жүргүзүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашууда.

Семинардын өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуу, алдын алуу чараларын өнүктүрүү жана коомдук саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча ырааттуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.

Иш-чаранын жыйынтыгында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо образын жайылтуу боюнча мамлекеттик саясатты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу пландалууда.