Эки Улуттук кардиологиялык борбордун жамаатына жаңы жетекчилер тааныштырылды
Бүгүн, 2025-жылдын 23-январында, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов жана министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев эки Улуттук кардиологиялык борбордун жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесине ылайык, М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси болуп Талант Эралиев, ал эми Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчиси болуп Жалил Шейшенов дайындалды.
Тааныштыруу учурунда саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Кардиологиялык жардам системасы так жана ырааттуу иштеши керек. Буга чейин аныкталган бир катар көйгөйлөр башкаруучулук чечимдердин зарылдыгын көрсөттү. Жаңы команда тартипти, процесстердин туура уюштурулушун жана татыктуу клиникалык жыйынтыктарды камсыздайт деп күтөбүз».
