“Коопсуз өлкө”: 2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден кем эмес видеокамера орнотулат
23 январь

“Коопсуз өлкө”: 2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден кем эмес видеокамера орнотулат

Кыргызстанда 2026-жылы “Коопсуз өлкө” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу пландалып жатат. Анын алкагында республика боюнча 20 миңден кем эмес видеокамера орнотулат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурумда билдирди.

Анын атымына караганда,  жаңы санариптик программалар ишке киргизилип, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жана туристтик аймактарда коопсуздук системасы жаңы деңгээлге көтөрүлөт.

«Биз коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен чектелбестен, милициянын сервистик багытын күчөтүүгө, жарандарга жеринде ыкчам жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө басым жасадык. Натыйжада, 2025-жылы дээрлик 10 миң кылмыштын алдын алууга жетиштик», – деди министр.