Кыргызстанда жыл башынан беи жол кырсыгынан 50 бала каза болду
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
27 июль

Кыргызстанда жыл башынан беи жол кырсыгынан 50 бала каза болду

Январь-июнь айларында Кыргызстанда балдар катышкан 608 жол кырсыгы катталган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мындай кырсыктардын саны 39,9%га азайган.

Жол кырсыктарынан 50 бала каза болуп, дагы 676 бала жаракат алган.

Ошентип, өлкөдө күн сайын орто эсеп менен үчтөн ашык жашы жете элек балдар катышкан жол кырсыгы катталган.

Маалыматтарды Кыргызстандын Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматтарына таянып билдирди.