Мукамбетов: Азыр пенсияга чыгуу үчүн үч гана документ талап кылынат
23 январь

Мукамбетов: Азыр пенсияга чыгуу үчүн үч гана документ талап кылынат

Кыргызстанда жарандарга пенсия чектөөдө бир катар талаптар жана шарттар өзгөрүүгө учурады. 2024-жылдын 1-июлунан тартып пенсияга чыгуу тартиби жаңыланган. Анда кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин жана учурда пенсияга чыгууну көздөгөн жаранга кандай документтер керек болоорун КР Социалдык фондунун коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов айтып берди.

Ал белгилегендей, учурда пенсия жашоо минимунунун деңгээлине жеткирилген жана эң аз пенсия – мурда чыккандар үчүн 7500, ал эми 2025-жылдын 1-октябрынан кийин чыккандарга 7100 сом.

“Мурдагы пенсия боюнча мыйзамдарга ылайык, пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн аялдарга 20 жыл, ал эми эркектерге 25 жыл эмгек стажы керек болчу. Аялдар 58 жашынан, эркектер 63 жашынан пенсияга чыгышат. А бүгүнкү күндө 6 жылдык стаж талап кылынууда. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөн, эмгек китепчесинде белгиленген жумушта иштеген жылдардан тышкары, аскердик мөөнөтүн өтөөгө, бала багууга, билим алган, калкты жумуш менен камсыз кылуу борборунан жөлөкпул алып турган мезгилдер да кошумча эсепке алынат”, – деди Мукамбетов.

Айтымында, Кыргызстанда 2026-жылдын 1-январына карата 817 миң пенсионер бар.

Ал белгилегендей, пенсияга чыгуунун шарттары да жеңилдетилди. Азыр жарандын паспорту, балдарынын күбөлүгү жана эмгек китепчеси гана керектелет. Ошондой эле, пенсия баарына тегиз көтөрүлдү.

“Пенсия жашоо минимумуна жеткирилгенге чейин жашоо минимумунан аз алган жана жашоо минимумунан көп алган пенсионерлердин көрсөткүчү бар болчу. 2024-жылдары төмөн алгандар жалпы пенсионерлердин 89-90 пайызын түзчү. Азыр дээрлик баарын жашоо минимумуна жеткирилди. Ал эми багуусунан ажырагандарга, 3-топтогу майыптыгы барларга пенсияларды эсептөө жолдору такыр башкача”, – деди ал.

Ошондой эле Мукамбетов белгилегендей, жеңилдик шартта пенсияга чыккандарга талап мурдагыдай калды. Мисалы, жаш курагы боюнча эрте чыккандар – бийик тоолуу аймактарда 25 жылдан кем эмес жашап жана 20 жылдан кем эмес ошол жерде иштеген жарандар 55 жашынан пенсияга чыгууга укуктуу. Андагы талаптар өзгөрүүсүз калды. Ал эми стажга карап пенсияга чыгуу – мисалы, 35 жылдык стажы бар аялдар 55 жашынан, 40 жылдан кем эмес стажы бар эркектер 60 жашынан пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды.