Кылмыштуулуктун өсүшү боюнча Баткен жана Нарын облустары алдыңкы орунга чыкты
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
28 июль

Кылмыштуулуктун өсүшү боюнча Баткен жана Нарын облустары алдыңкы орунга чыкты

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында катталган кылмыштардын саны өстү.

Эң жогорку өсүш Баткен облусунда катталды. Алты айдын ичинде бул аймакта 949 кылмыш катталып, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66,8%га көбөйгөн.

Нарын облусунда көрсөткүч 53,6%га өстү. Катталган кылмыштардын саны 371ден 570ке жетти.

Ош шаарында да олуттуу өсүш байкалып, кылмыштардын саны 23,2%га көбөйүп, 1 миң 948 учурду түздү. Жалал-Абад облусунда кылмыштар 21,3%га көбөйүп, 1 миң 917ге жетсе, Талас облусунда 19,3%га өсүп, 463 учур катталган.

Катталган кылмыштардын жалпы саны боюнча биринчи орунда Бишкек шаары турат. Алты айда борбор калаада 8 миң 193 кылмыш катталган. Бул өлкө боюнча жалпы кылмыштардын 43%дан ашыгын түзөт.

Чүй облусунда 2 миң 490, Ысык-Көл облусунда 1 миң 245 кылмыш катталган. Ош облусунда көрсөткүч өзгөргөн жок жана 1 миң 247 учурду түздү.

Маалыматтарды Кыргызстандын Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жарыялады.