Кыргызстандыктарга үйдү милдеттүү камсыздандыруу жылына 600 сомдон жогору тураары эскертилди
11 июнь

Кыргызстандыктарга үйдү милдеттүү камсыздандыруу жылына 600 сомдон жогору тураары эскертилди

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун баасы аймактагы эң төмөн тарифтердин бири бойдон калууда.

Мамлекеттик камсыздандыруу кызматынын төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдиргендей, айыл жергесиндеги тургундар камсыздандыруу полиси үчүн жылына 600 сом, ал эми шаар тургундары 1200 сом төлөшөт.

Мында камсыздандыруу төлөмүнүн эң жогорку өлчөмү айылдагы үйлөр үчүн 500 миң сомго, ал эми шаардагы турак жайлар үчүн 1 миллион сомго чейин жетет.

Осмоналиевдин айтымында, көптөгөн жарандар камсыздандыруунун маанисин дагы эле толук баалашпайт. Бирок бир эле камсыздандыруу төлөмү жарандардын төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бир нече эсе көп болушу мүмкүн.