Кыргызстандыктар Түркиядагы мейманканаларга ишке орношо алышат. Каттоо башталды
Кыргызстандын жарандары үчүн Түркиянын туризм тармагында иштөө максатында 500 орунга онлайн-каттоо башталды. Бул тууралуу Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Мейманканалардагы бош орундар төмөнкү кызматтарга каралган:
- официанттар;
- бөлмө тазалоочулар;
- мейманкананын коноктор менен иш алып барган менеджерлери;
- аниматорлор;
- ашпозчулар;
- тазалоочу кызматкерлер ж.б.
- Талаптар:
- Кыргызстандын жарандары, жаш курагы 18ден 45 жашка чейин;
- 2026-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорту болушу керек.
- Каттоодо талап кылынат:
- Аты-жөнү латын тамгасында жазылышы керек;
- Паспорттун сүрөтү жана номери (PE же AC менен башталат);
- Толук бойдон жана ак фондо тартылган беттин сүрөтүн жүктөө;
- Электрондук почта;
- Байланыш номери;
Кошумча суроолорго жооп берүү.
Талаптарга жооп берген талапкерлер электрондук почта аркылуу маектешүүгө чакырылат. Маектешүү 2025-жылдын 30-январында Бишкек шаарында өтөт.
Каттоодон өткөн талапкерлер түрк иш берүүчүлөр тарабынан тандалат. 500 орун толгондо, онлайн-каттоо автоматтык түрдө жабылат.
Айлык маяна: 700-800 АКШ доллары.
Иш берүүчү камсыздайт:
- Баруу жана кайтуу билети;
- Күнүнө үч маал тамак-аш;
- Жатакана;
- Медициналык камсыздандыруу.
