Эл аралык конференцияда соттук медицинанын заманбап көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды
27 июль

Эл аралык конференцияда соттук медицинанын заманбап көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды

2026-жылдын 22–24-июль күндөрү Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан «Соттук медицинанын заманбап көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынынын протоколуна тиркелген Иш-чаралар планынын 45-пунктун ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын соттук-медициналык эксперттери менен катар Түркия Республикасынан, Россия Федерациясынан жана Борбордук Азия мамлекеттеринен келген алдыңкы адистер катышышты. Жыйындын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын учурдагы абалы, тармактагы заманбап чакырыктар, жаңы технологияларды колдонуу жана эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатуу маселелери кеңири талкууланды.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар соттук-медициналык экспертизанын эл аралык тажрыйбасы, илимий жетишкендиктери жана практикалык ыкмалары боюнча баяндамаларды жасап, өз ара тажрыйба алмашышты. Ошондой эле тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү, адистердин кесиптик потенциалын жогорулатуу жана соттук-медициналык кызматтын сапатын мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Конференциянын жыйынтыгында соттук-медициналык экспертизалардын сапатын жогорулатуу, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле илимий жана практикалык тажрыйба алмашууну мындан ары да улантуу боюнча резолюция кабыл алынды.