Таласта мамлекеттик кызматкерлер буюм далилдерди жок кылышкан. Кылмыш иши козголду
Таласта мамлекеттик кызматкерлер буюм далилдерди жок кылышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун прокуратурасы тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгында текшерүү жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары укук бузуу жөнүндө түзүлгөн бир катар протоколдор боюнча буюм далил катары алынган жалпы саны 301 даана форель балыгын, 17 даана кекилик, 1 даана улар жана 26,31 кг эндик чөбүнүн тамырын мыйзамсыз жок кылышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
