Ошто жаңы айланма автобус каттамы ишке кирет
4 июль

Ошто жаңы айланма автобус каттамы ишке кирет

Ош шаарында коомдук транспортту оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Жыйында шаарды айланма багытта тейлей турган жаңы муниципалдык автобус каттамынын схемасы бекитилди.

Негизги максат – шаар тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, жол убактысын кыскартуу жана автобустардын ишин натыйжалуу кылуу.

Комиссия муниципалдык автоунаа ишканасы тейлеген бардык автобустук каттамдарды кайра каралып чыгып тийешелүү чечимдер кабыл алынды.

Кийинки отурумда шаардык кичи автобустук маршртуттук каттамдардын кыймыл чиймелери каралат.

Жалпысынан мэрия шаар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу коомдук транспорт системасын түзүү иштерин улантат.