УКМКнын төрагасынын дагы бир мурдагы орун басары кармалды
Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбековду кармады. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, аны менен кошо кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип УКМКнын дагы алты кызматкери кармалган.
Мындан тышкары, буга чейин УКМК төрагасынын мурдагы орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэл Рысалиев кармалганы белгилүү болгон. Ал коррупцияга шектелүүдө.
Маалымат булактарынын билдиришинче, Рысалиев кылмыш ишинин алкагында сурак берүү үчүн КР Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына жеткирилген. Расмий органдар азырынча коюлган айыптын беренесин жана кармалган адамдын процессуалдык макамын тактай элек.
Тимур Шабданбеков менен Даниэл Рысалиев 2026-жылдын 10-февралында УКМКдагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында кызматтарынан бошотулган.
Тергөө иштери уланууда, ал эми кылмыш ишинин чоо-жайы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкталбайт.
