Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарындагы социалдык объектилерди кыдырды
4 февраль

Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарындагы социалдык объектилерди кыдырды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 3-февралда Таш-Көмүр шаарындагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү жана абалы менен жеринен таанышты.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, сапардын алкагында облус башчысы алгач Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан шаардык архитектура мекемесинин жаңы имаратынын курулушун көрүп чыкты.

Андан соң Тилек Текебаев Балдар искусство мектебинин курулушун карап, бул объект шаардагы маданий-билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи. Ошол эле курулуштагы бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез арада жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, шаардагы №9 мектептин спорт залынын курулушу менен таанышып, жумуштардын сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле Тилек Текебаев эскилиги жеткен Таш-Көмүр шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, жаңы 150 орундуу заманбап оорукананын долбоору менен таанышты. Ал оорукананын учурдагы ишмердүүлүгүн көрүп чыгып, дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.

Иш сапардын жыйынтыгында облус башчысы жергиликтүү бийлик жетекчилерине Таш-Көмүр шаарын ар тараптуу өнүктүрүү багытында бир катар сунуш-пикирлерин айтып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Быйыл КРнын Турукташтыруу фондунан Таш-Көмүр шаарынын социалдык өнүктүрүү багытындагы долбоорлору үчүн 845 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.