Саламаттык сактоо министри иттердин тиштегенинен жабыркаган баланын абалы менен таанышты
Бүгүн, 2-апрелде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иттердин тиштегенинен улам көптөгөн жаракаттарды алган бала жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
2020-жылы туулган бейтап 1-апрелде төмөнкү диагноз менен жеткирилген: баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн тиштелген жарааттар, травмалык шок.
Ооруканага түшкөн учурдан тартып бала дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө.
Профилдик адистердин, анын ичинде кан тамыр хирургдарынын катышуусунда бир нече консилиум өткөрүлгөн. Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу деп бааланууда.
Дарылоонун алкагында кутурмага каршы терапия да жүргүзүлүүдө.
Сапардын жүрүшүндө министр бейтаптын абалы менен таанышып, дарыгерлер менен дарылоо тактикасын талкуулап, адистердин координацияланган ишин белгиледи.
Дамир Осмонов баланын дарылануусун толук көзөмөлгө алууну, зарыл болгон учурда кошумча ресурстарды тартууну, ошондой эле бардык керектүү медициналык жардамды көрсөтүү үчүн тар адистиктеги дарыгерлерди тартууну улантууну тапшырды.
Министр бала толук сакайганга чейин ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
