ДССУ: Бир жылда дүйнөдө жол кырсыгынан 1,16 млн адам каза болду
2025-жылы дүйнөдө жол кырсыктарынан 1,16 миллион адам каза болду. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынында сунушталган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жаңы маалыматтарында айтылат.
Маалыматтарга ылайык, 2011-2025-жылдар аралыгында дүйнө жүзүндө автоунаалардын саны бир миллиарддан ашык көбөйгөнүнө карабастан, жол кырсыктарынан каза болгондордун саны 21%га азайган.
Ошол эле учурда жол кырсыктарынан алынган жаракаттар 5 жаштан 29 жашка чейинки балдар менен жаштардын өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон калууда.
ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус белгилегендей, өлүмдүн азайышы автоунаалардын санынын кескин өсүшүнө жана транспорттун жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна карабастан жетишилди.
Анын айтымында, бул жетишкендик коопсуз жолдорго, коопсуз транспорт каражаттарына жана жол кыймылын уюштуруу системаларына инвестиция салуунун натыйжалуулугун көрсөтөт.
Жыйында БУУга мүчө мамлекеттер жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жаңы саясий декларацияны кабыл алышты. Анын негизги максаты – 2030-жылга чейин 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу жол кырсыктарынан каза болгондордун жана оор жаракат алгандардын санын эки эсеге кыскартуу.
Документте так максаттары, мөөнөттөрү жана каржылоосу көрсөтүлгөн улуттук стратегияларды иштеп чыгуу, мыйзамдарды күчөтүү, маалыматтарды чогултуу системасын жакшыртуу, жолдордун жана транспорт каражаттарынын коопсуздугун жогорулатуу каралган.
Мындан тышкары, өлкөлөргө жол кыймылынын катышуучулары ката кетириши мүмкүн экенин эске алуу менен жол инфраструктурасын түзүү сунушталууда. Ылдамдыкты чектөө, жолдордун долбоорлору жана автоунааларга коюлган талаптар кырсык болгон учурда адамдардын өмүрүн сактап калууга багытталышы керек.
ДССУ белгилегендей, жол кырсыктарынан каза болгондордун жарымынан көбү автоунаада болгон эмес. Алар жөө жүргүнчүлөр, велосипедчилер жана мотоцикл айдагандар.
Өлүмдүн азайышы бардык аймактарда бирдей болгон жок. ДССУнун Европа аймагында бул көрсөткүч 36%га, Батыш Тынч океан аймагында 15%га, Түштүк-Чыгыш Азияда 2%га төмөндөгөн.
Ал эми Америка аймагында олуттуу өзгөрүү байкалган эмес, Африка аймагында болсо жол кырсыктарынан каза болгондордун саны 17%га көбөйгөн.
