Карама-каршы тилкеге чыкпагыла! Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды
23 январь

Карама-каршы тилкеге чыкпагыла! Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аба ырайына байланыштуу айдоочуларга кайрылып, жолдо этият болууга чакырды. 

Министрликтин сунуштары:

  • Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну унутпаңыз.
  • Алыс жолго сапар алган учурда жаныңызга музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүңүз.
  • “Сосновка” жана “Кара-Көл” пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарылат.
  • Ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелсеңиз, унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюуңуз. Анткени, ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат.
  • Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз!

Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо – кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.