Пара алууга шектелүүдө. Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынышынын чоо-жайы
www
10 март

Пара алууга шектелүүдө. Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынышынын чоо-жайы

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов дайындалганына бир ай боло элек жатып, анын эмне себептен кызматтан алынгандыгынын себебин түшүндүрдү. 

Анын айтымына караганда, жаңы министрдин кызматтан кетирилишинин себеби – ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө.

"Аталган министрликтин бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган. Кызматкер айтылган сумманын жарымын ал кездеги ӨКМ министринин орун басары У. Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп бергенин айткан. 

Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин, айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң, анын айтымында, министр кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген.

Баткенге которулган кызматкер президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган.

Мамлекет башчысы арызда келтирилген дооматтарды териштирүү тапшырмасын Башкы прокуратурага берген.

Көзөмөлдөөчү орган арызда айтылгандар тастыкталганын билдирген.

Ушуга байланыштуу, президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул окуя “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөздүн айкын мисалынын бири.

Азыр кыңыр иштер кырк жылда эмес, кырк эле күндө билинген заман.

Андыктан башка мамлекеттик кызматкерлерге бул чоң сабак болушу керек.

Кимдир бирөөнүн ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге барганы билинип калса өлкө жетекчилиги “жаңы эле министр кылып дайындап алдык эле же жогорку кызматка коюп алдык эле, эми бул жалпы бийликтин аброюна шек келтирбейби” деп аларга көз жуумп койбойт.

Бүгүнкүдөй эле чечкиндүү кадамдар жасалат", – деди ал.