Кыргызстанда бир айдын ичинде 1,5 миңден ашуун мас айдоочу аныкталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль

Кыргызстанда бир айдын ичинде 1,5 миңден ашуун мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 2026-жылдын 20-июнунан тартып мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, бирок жаза күчөтүлгөн кийин дагы мас абалында унаа айдагандар токтоп калган жок. Бул мыйзам күчүнө киргенден кийинки 1 айдын ичинде 1500дөн ашуун мас абалда унаа айдагандар аныкталып, 126 млн сомдон ашуун айып пулдар салынган. Мас абалда унаа башкаргандар 2026-жылдын 6 айында 9600дөн ашкан.

Жаңы мыйзамга ылайык мас абалда унаа айдаган айдоочу транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратылып, 80 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Мас абалда жол кырсыгына кабылып, адам өлүмү менен коштолсо, 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылып, 12 жылга чейин транспорт каражатын башкара албайт.

Статистика көрсөткөндөй, Кыргызстандын аймагында массалык адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары мас абалда унаа башкаруудан, карама-каршы тилкеге чыгуудан, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандан келип чыгат.