Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль
Чолпон-Ата шаарынын айланма жолунда асфальт төшөө иштери уланууда
Чолпон-Ата шаарынын айланма жолунда асфальт төшөө иштери уланууда, деп билдирет Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы.
Маалыматта айтылгандай, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда.
Учурда асфальт төшөө иштери башталып, көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды жана тирөөч дубалдарды куруу, инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштери уланууда.
Жолдун жалпы узундугу — 15,64 км. Азыркы учурда 4 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Объектте 417 кызматкер жана 186 атайын техника иштеп жатат.
Айланма жол шаардагы транспорттук жүктү азайтып, жол коопсуздугун жогорулатат.
