Бишкек шаарында «Нелегал» аталышындагы ыкчам-алдыны алуу иш-чара өткөрүлдү
10 март

Бишкек шаарында «Нелегал» аталышындагы ыкчам-алдыны алуу иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарынын аймагында Ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын миграция мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында «Нелегал» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Рейддик текшерүүлөрдүн алкагында чет өлкөлүк жарандардын эмгеги колдонулушу мүмкүн болгон тигүү цехтери жана башка өндүрүш объектилери текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 64 чет өлкөлүк жаран милицияга жеткирилди. Алар Кыргыз Республикасынын аймагына бир уюмдун атына берилген визалар менен киргени аныкталган, бирок иш жүзүндө башка компанияларда эмгектенген. Бул көрүнүш миграция мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз ишке тартуу фактылары да аныкталды. Үч иш берүүчүгө карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Жалпы салынган айып пулдун суммасы 65 миң сомду түздү.

Учурда чет өлкөлүк жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү, анын ичинде өлкөдөн чыгаруу маселеси каралууда.

Бишкек шаарынын ИИББгы иш берүүчүлөрдү миграция мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат. Борбор калаанын аймагында текшерүү жана профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылат.