Кыргызстанда бир жумада 24 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль

Кыргызстанда бир жумада 24 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 17синен 23-июлга чейинки аралыкта 23  миң735 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 4 619;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 429;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 222;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 924;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 451;
  • Автоээнбаштык - 22;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 1 226;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 11;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 8 614;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 217 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.