
2000 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот
Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
«Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын турак жай программасынын катышуучулары үчүн Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптери боюнча турак жай куруу жана ипотекалык продуктуларды берүү болуп саналат. Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына 79 миллион АКШ доллары суммасында жеңилдетилген каржылоо берүү жөнүндө макулдашууга жетишилген.
Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында болжол менен 112 525 чарчы метр жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылоо үчүн каралган. Болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, 2000 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Улан Бакасов Нарын шаарындагы жана Нарын облусундагы курулуш объектилерине, турак жайлардын чарчы метринин өздүк наркына кызыкты. Эл өкүлү Кубанычбек Самаков эмне үчүн келишимдин алкагында насыя 1% менен, ал эми калк үчүн ипотека 8% берилип жатканын сурады. Буга Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов белгилегендей, Мамлекеттик ипотекалык компания тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп эсептелип, турак жайды каржылоонун социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотека сыяктуу багыттарын ишке ашырат.
«Пайыздык чен жылына 4% дан 8% га чейин аныкталып, анда операциялык чыгымдар, валюталык тобокелдиктер, своптор эске алынат», - деди.