Элчи Айбек Молдогазиев АКШнын Мамдепартаментине ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды
29 январь

Элчи Айбек Молдогазиев АКШнын Мамдепартаментине ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев күн мурун, 28-январда Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин протокол башчысы м.а. Эббигейл Джонско тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Салтанат АКШ президентинин конок үйү - Блэр Хауста өттү.

Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыруу аземинде элчи А.Молдогазиев кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин протокол башчысы элчини бул жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин кыскача талкуулап, мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.