Караколдо жаңыланган муниципалдык пляж пайдаланууга берилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль

Караколдо жаңыланган муниципалдык пляж пайдаланууга берилди

26-июлда Каракол шаарында реконструкцияланган муниципалдык пляждын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Жаңыланган эс алуу жайы бир учурда 5 миңге чейин адамды кабыл алууга ылайыкташтырылып, анын ичинен 2 миң адам үчүн көлөкө чатырлардын алдында эс алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Реконструкциянын алкагында көл жээги толук тазаланып, жаңы кум төшөлдү. Аймакка сейилдөөчү жолдор, беседкалар, күндөн калкалоочу чатырлар, шезлонгдор, кийим алмаштыруучу жайлар, душ кабиналары жана санитардык түйүндөр орнотулду. Мындан тышкары, балдар жана спорт аянтчалары курулуп, заманбап жарыктандыруу, видеокөзөмөл системалары, куткаруучу борбор жана медициналык пункт пайдаланууга берилди.

Салтанатка президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов, шаардык кеңештин төрагасы Санжар Таштанбек уулу, «Shirshov Фонд» коомдук фондунун өкүлдөрү, куруучулар, долбоорлоочулар жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, бул объект Каракол шаардык чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен программанын алгачкы долбоору болуп саналат. Аталган программа мектептерди жана бала бакчаларды реконструкциялоону, парктарды, короолорду жана коомдук жайларды жаңылоону, жолдорду жана инженердик инфраструктураны модернизациялоону, ошондой эле жаңы шаардык автобустарды сатып алууну камтыйт.

Белгилей кетсек, долбоор «Shirshov Фонд» коомдук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Фонд Каракол шаарын өнүктүрүүгө жалпысынан 7 миллиард сомго (80 млн АКШ долларына жакын) инвестиция салууну пландап жатат.