Ошто Жамал Сейдакматованын жаркын элесине арналган эл аралык кинофорум ачылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
16 октябрь

Ошто Жамал Сейдакматованын жаркын элесине арналган эл аралык кинофорум ачылды

Ош мамлекеттик университетинде 14-октябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын жаркын элесине арналган Айым-режиссёрлордун VIII эл аралык кинофорумунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чаранын ачылышында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү жана кино тармагынын белгилүү ишмерлери куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Кинофорумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана чет мамлекеттерден келген кинематографисттер, маданият ишмерлери, окутуучулар, студенттер жана коноктор катышты. Иш-чара аялдардын автордук киносун колдоого, эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жаш кинематографисттерди колдоого багытталган.

Кинофорумдун биринчи күнүндө Жамал Сейдакматованын чыгармачылык мурасына арналган көркөм тасмалардан үзүндүлөр көрсөтүлүп, режиссёр Дальмира Тилепбергенованын «Менин атым — Ысык-Көл» аттуу даректүү тасмасы тартууланды.

Программанын алкагында кино таануучу Гульбара Толомушова, режиссёр Эрнест Абдыжапаров, сценарист Айзада Амангелды жана укук коргоочу Толекан Исмаилова мастер-класстарды өткөрүштү. Анда маданий мурастарды сактоо, эл аралык киноиндустриядагы мүмкүнчүлүктөр жана даректүү кинонун коомдогу ролу талкууланды.

Кинофорумдун уюштуруучусу — режиссёр Асель Жураева жетектеген «Азия чыгармачыл айымдары» коомдук фонду.

Айым-режиссёрлордун VIII эл аралык кинофоруму 2026-жылдын 17-октябрына чейин уланат. Программанын алкагында кино көрсөтүүлөр, чыгармачылык жолугушуулар жана мастер-класстар өткөрүлөт.