«Түндүк» контакт-борборуна чалуулар убактылуу жеткиликсиз болот
сүрөт: depositphotos.com
19 август

«Түндүк» контакт-борборуна чалуулар убактылуу жеткиликсиз болот

«Түндүк» контакт-борборуна чалуулар учурда жеткиликсиз. Бул тууралуу «Түндүктөн» билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатат.

«Биздин колдоо кызматы кат түрүндөгү каналдар — электрондук почта, социалдык тармактардагы билдирүүлөр жана комментарийлер аркылуу кайрылууларды кабыл алууну жана иштеп чыгууну улантууда», деп айтылат маалыматта.

Адистер мүчүлүштүктөрдү жоюунун үстүндө иштеп жатышат. Телефон байланышы калыбына келтирилгендиги тууралуу кошумча маалымат берилет.