Ноокенде кайнисин бычактаган жаран кармалды
27 февраль

Ноокенде кайнисин бычактаган жаран кармалды

2026-жылдын 14-февраль күнү Ноокен РИИБне түнкү саат 01:15 чамасында, шаардык ооруканадан кабарлашкан. Анда ошол эле күнү саат 01:15 чамасында 1994-жылы туулган Кочкор-Ата шаарынын тургуну денесинен жаракат алып хирургия бөлүмүнө жаткырылгандыгын билдирген.

Аталган окуя Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 2026-жылдын 13-февраль күнү саат 23:40 чамасында 1994-жылы туулган О.А. аттуу жаран өзү жашаган Кочкор-Ата шаарында эле бир тууган жездесинин үйүнө барып, өзүнүн үйүнө кайтып келе жатканда 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу жездеси артынан келип ашкана бычагы менен байкатпастан көкүрөгүнө жана башына сайып койгондугу жана сол кулагын тиштеп үзүп алгандыгы жана жездесин текшерүүдөн өткөргөн учурда, 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу жездеси мас абалда экендиги аныкталган. Ошондой эле далил буюм катары аш бычак алынган.

Аталган факт боюнча Ноокен РИИБнин тергөө кызматы тарабынан, 1992-жылы туулган Б.Б. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, Ноокен райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып алынып, үй камагына чыгарылган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүп жатат.