Ошто бир күндө 10 жаңы сквер ачылды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында күн мурун, 10-июнда шаарда 10 заманбап сквер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Буга чейин каралбай келген аймактар толугу менен жаңыланып, тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айланды. Бардык иштер “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды.
Жаңы скверлердин даректери:
1. И.Раззаков көч., №38 үйдүн арты
2. А.Шакиров көч., №271 үйдүн арты
3. А.Шакирова көч., №8 үйдүн арты
4. Алымбек-Датка көч., Атайын оорукананын жанындагы №1 сквер
5. Алымбек-Датка көч., Атайын оорукананын жанындагы №2 сквер
6. И.Раззаков көч., №28 үйдүн арты
7. И.Раззаков көч., №22 жана №24 үйлөрдүн ортосу
8. Шота-Руставели – Р.Моминова көчөлөрүнүн кесилиши
9. Н.Байтемиров көч., Шота-Руставели №126г үйдүн арты
10. Н.Исанов көч., №123 үйдүн арты — бул скверди жасалгалоого Кызыл Ай коому да салым кошту.
Бардык скверлерде тротуарлар төшөлүп, заманбап жарыктандыруу орнотулуп, отургучтар жана таштанды урналары коюлду. Айрым жерлерде көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары актап-сырдалды.
Ошентип, Ош шаарында жалпы аянты 2,57 гектарды түзгөн 10 жаңы жашыл аймак түзүлдү. Бул иштер шаардын архитектуралык келбетин жакшыртып, экологиялык абалын чыңдоого жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң салым кошту.
Шаар мэри Жанарбек Акаев өз сөзүндө жашылдандыруу улантыларын, дагы 10 скверди жасоо боюнча чечим кабыл алынганын айтып, бул долбоор эң ириде шаар жашоочуларынын ыңгайлуулугуна багытталганын билдирди.
