Сафаровка – Барпы жолу курулууда 
22 июль

Сафаровка – Барпы жолу курулууда 

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 21-июлда Сафаровка – Барпы жолунун курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, азыркы тапта жолдун багытын белгилөө, жер жумуштары кызуу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Сафаровка – Барпы автожолунун жалпы узундугу 25 чакырымды түзүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда.

Бул Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун акыркы тилкеси болуп саналат.