www
22 июнь
ӨКМ тоолуу аймактарда кайрадан сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кайрадан сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.
Маалыматка ылайык, 23нөн 25-июнга чейинки аралыкта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
