ИИМдин башчысынын орун басары  Нурбек Абдиев кылмыш иликтөө кызматкерлерин жана ардагерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
5 октябрь

ИИМдин башчысынын орун басары  Нурбек Абдиев кылмыш иликтөө кызматкерлерин жана ардагерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 5-октябрь күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 106 жылдык маарекеси белгиленип, салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев кылмыш иликтөө кызматынын өздүк курамын жана ардагерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, кызматкерлерге жана ардагерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө бекем ден соолук, бактылуулук, бейкутчулук каалап, кызматында ийгиликтерди, элине жана мыйзамга узак убакыт боюу кызмат кылууларына тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын соңунда мыкты ыкчам кызматкерлерге жана ардагерлерге ардак грамоталар, төш белгилер, медалдар жана башка баалуу белектер
тапшырылды.