Маркум Чубак ажы Жалиловго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын ыйгаруу сунушталды
3 февраль

Маркум Чубак ажы Жалиловго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын ыйгаруу сунушталды

Президент Садыр Жапаров диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген ардактуу наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Мындай сунушта мамлекет башчысы бүгүн, 3-февралда Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алган учурда айтты. 

Эске сала кетсек, мурдагы муфтий, Уламалар кеңешинин мурдагы мүчөсү жана диний ишмер Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын июлунда каза болгон.

Чубак ажы Жалилов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Мундуз айылында 1975-жылы 21-январда жарык дүйнөгө келген.