Жээнбек Кулубаев Зимбабвенин тышкы иштер жана эл аралык соода министри Амон Мурвира менен жолугушту
30 май

Жээнбек Кулубаев Зимбабвенин тышкы иштер жана эл аралык соода министри Амон Мурвира менен жолугушту

2026-жылдын 29-майында Нью-Йорк шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министри Амон Мурвира менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар кыргыз-зимбабве мамилелеринин учурдагы абалын жана аны эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтарда өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Жакынкы мезгилге карата кызматташуунун конкреттүү пландары белгиленди.

Жыйынтыгында ТИМ башчылары биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында ар кандай деңгээлдерде тыгыз байланыштарды улантууну макулдашты. Жолугушуунун соңунда Ж.Кулубаев А.Мурвираны Кыргыз Республикасына сапар менен келип кетүүгө чакырды.