Министр Жээнбек Кулубаев Португалиянын Тышкы иштер министри Паулу Ранжел менен жолугушту
30 май

Министр Жээнбек Кулубаев Португалиянын Тышкы иштер министри Паулу Ранжел менен жолугушту

2026-жылдын 29-майында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Португалия Республикасынын Тышкы иштер министри Паулу Ранжел менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев кыргыз тарап кыргыз-португал саясий диалогун ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Эки жааттуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү менен катар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде министр П.Ранжел португал тараптын өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө даяр экендигин ырастап, эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган демилгелерди колдой турганын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Португалия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.