Кара-Кулжада кар көчкү басып калган жарандын сөөгү табылды
3 февраль

Кара-Кулжада кар көчкү басып калган жарандын сөөгү табылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Жүлгүр” жайлоосунда кар көчкү басып калып изделип жаткан 37 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу  ӨКМден кабарлашты.

Издөө иштерине жалпы 229 адам тартылган. 

Эске сала кетсек, 31-январда жергиликтүү жарандардан турган топ жайлоого мергенчилик кылууга барып, ошол учурда кар көчкү жүрүп, натыйжада 37 жаштагы тургунду басып калган.