Ош шаарында Алымбек датка көчөсүн кеңейтүү иштери жүргүзүлөт
3 февраль

Ош шаарында Алымбек датка көчөсүн кеңейтүү иштери жүргүзүлөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек датка көчөсүн кеңейтүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте жеринде таанышты.

Аталган көчөнү кеңейтүүгө тоскоол болуп жаткан мыйзамсыз жана жол жээгине чыгып курулган объектилерди алып салуу, ошондой эле каралбай калган жер тилкелери боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга тактоо жүргүзүп, маалымат берүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, шаар мэри Курманжан датка көчөсүндө аткарылып жаткан эки тараптуу тротуар жана жашыл аймактарды куруу иштерин жеринде көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү кызматтарга аларды өз мөөнөтүндө жоюу жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.

Белгилей кетсек, Курманжан датка көчөсү 2025-жылы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ирригациялык лотоктор орнотулган.

Учурда ишке ашырылып жаткан долбоор жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө, ошондой эле шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.