Кара-Балтада өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Окуя бүгүн, 9-февралда катталган. Анда аял эки кабаттуу турак үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылган.
Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, аман-эсен аялды куткарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
