АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келет
АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Серджио Гор кыргыз тараптын чакыруусу боюнча 2026-жылдын 3-февралынан 6-февралына чейин Кыргызстанда болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Сапардын алкагында элчи Серджио Горду мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алат.
Ошондой эле Атайын өкүл, элчи С. Гор үстүбүздөгү жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында өтө турган "Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү" темасындагы "B5+1" экинчи диалог форумуна катышмакчы.
