Кызыл-Кыя шаарындагы “Караван” суткалык жөнгө салынуучу бассейни оңдоп-түзөөдөн өтөт
Кызыл-Кыя шаарындагы “Караван” суткалык жөнгө салынуучу бассейни оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев, жериликтүү жетекчилер жана суу чарба тармагынын жетекчилери менен суу сактагычты жеринен көрүштү.
А.Ташбалтаев алдыда бул инженердик курулманы капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоорун даярдоону жана быйылкы сугат мезгили башталганга чейин суу бөлүштүрүүчү жайын жана сугат каналдарын оңдоо жумуштарын бүткөрүүнү тапшырды.
Сугат суу топтоо жана бөлүштүрүүчү суу сактагыч 600 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылып турат. Оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин, дагы 100 гектар жаңы жерлерди өздөштүрүүгө болот.
Кыш мезгилинде 300 миң кубка жакын суу болот, суу сактагыч толук калыбына келтирилсе 1 млн куб суу топтоого болот.
