Кыргызстан БДСА-79 жыйынында БМСЖ жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча реформалардын жыйынтыктарын сунуштады
18 май

Кыргызстан БДСА-79 жыйынында БМСЖ жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча реформалардын жыйынтыктарын сунуштады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов баштапкы медициналык-санитардык жардам, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуу өнүгүүсү маселелерине арналган тематикалык талкууларга катышты.

Өз сөзүндө Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калып жатканын белгиледи. Өзгөчө көңүл жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга жана аларды эрте аныктоого, үй-бүлөлүк медицинаны өнүктүрүүгө жана БМСЖ деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүү системасын чыңдоого бурулуп жатканын айтты.

Министр жүргүзүлүп жаткан чаралардын жана тармактар аралык кызматташуунун аркасында Кыргызстан жугуштуу эмес оорулардан улам мезгилсиз өлүм көрсөткүчүн азайтуу боюнча оң натыйжаларга жетише алганын белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын алдын алуу багытын күчөтүү, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу боюнча ыкмалары сунушталды.

Сессиянын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө мамлекеттер глобалдык саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо, жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү, саламаттык сактоону санариптештирүү жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашууда.