Селден жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу
22 июнь

Селден жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдын 19–21-июнь күндөрү Баткен, Ош жана Талас облустарында катталган сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абалга туруктуу мониторинг жүргүзүүдө.

Жабыркаган калктуу конуштарда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери тарабынан зарыл болгон профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулду. Дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ичүүчү суунун сапатына лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ошондой эле калк арасында санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, жугуштуу оорулардын пайда болуу тобокелдиктери бааланууда.

Ош облусунда жабыркаган калктуу конуштарда үймө-үй кыдыруу жана тургундар арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында жугуштуу оорулардын учурлары жана эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын көрсөткөн белгилер аныкталган жок. Ичүүчү суудан алынган үлгүлөр лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.

Баткен жана Талас облустарында санитардык кызматтар жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жабыркаган калктуу конуштардын, объектилердин жана суу менен камсыздоо булактарынын санитардык абалына көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жабыркаган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү. Калктын саламаттыгына мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте улантылууда.

2026-жылдын 21-июнуна карата селден жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда. Жугуштуу оорулардын топтолгон учурлары жана эпидемиялык очоктор катталган жок.