Жогорку Кеңештин төрагасы 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнүн айтты
2 апрель

Жогорку Кеңештин төрагасы 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнүн айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 2-апрелде өткөн жыйында “75 аксакалдын каты” парламентке келген тартиби тууралуу кенен маалымат берди жана документтин тармактык комитетке кандай жеткенин түшүндүрдү.

Анын айтымында, кызматка кирген биринчи күнү ал каттын кайда экенин тактоону тапшырган. Бул максатта ички комиссия түзүлүп, документтин келүү жолун жана келгенден комитетке жеткирилгенге чейинки процессти толук иликтеген.

Маматалиев комиссиянын жыйынтыктары азыр Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин жана териштирүү иштери улантылып жатканын белгиледи.

Ал документ парламентте күтүлүп жатканын жана белгиленген тартипте кабыл алынганын баса белгиледи. Андан тышкары, жол-жобого ылайык, суроо-талаптар белгилүү бир жол менен — парламент мүчөсүнө же спикерге жөнөтүлүшү керек. Бул учурда болсо кат стандарттык жол менен эмес, мурунку төраганын жардамчылары жана кеңешчилери аркылуу “колдон колго” өткөрүлүп, андан соң комитетке жеткирилген.

“Биз кимдир бирөө күнөөлүү деп айта албайбыз. Биздин милдет – документтин жолун аныктоо эле. Баа берүү ишин тергөө органдары жасайт”, – деди төрага.

Ал кошумчалагандай, парламентке көптөгөн каттар келип турат жана алардын баары комитеттерде каралбайт. Түзүлгөн комиссия болсо документтин Жогорку Кенеш системасында кандай кыймылдаганын гана иликтеген.